Мындан 3 күн мурда жергиликтүү редакциялардын бирине "айдоочу автоунаанын багажына 4 баланы салып бара жатат" деген кабар чыгып, сүрөтү жарыяланган. Бул көрүнүш Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолунда, тагыраагы, Өтмөк ашуусунда орун алган. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Сүрөт интернетке жарыялангандан кийин факты Талас ОИИБинин маалыматты эсепке алуу электрондук журналына катталып, тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлдү. Анын негизинде Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Кара-Ой айылынын тургуну экени аныкталды. Ал Суусамыр жайлоосунда жыл сайын өтүүчү чабандардын тоюна бара жатып кошуналарынын балдарын унаага батпай калганынан багажына салып алган. Айдоочу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына алынып келип, унаасы токтотуучу жайга киргизилди. Ага карата Бузуулар Кодексинин негизинде 5500 сом өлчөмүндөгү айып пул салынды", - дешти маалымат кызматынан.