Биз социалдык тармакта

Сокулукта асынган абалда табылган эркек кишинин аты-жөнүн тактоого милиция коомчулуктан жардам сурайт

Чүйдүн Сокулук районунда жансыз денеси табылган эркек кишинин аты-жөнүн тактоого милиция кызматкерлери коомчулуктан жардам сурайт. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

20-июль күнү Сокулук РИИБине жолдун боюна асынган абалда жансыз дене жатканы боюнча маалымат келип түшкөн. Маркумдун жашы болжол менен 20-25тер чамасында болгон.

Кийген кийимдери: Кара түстөгү футболка, көк түстөгү шым, жана бутуна кара түстөгү бут кийим кийип жүргөн.

Жашы болжол менен 165-170 сантиметр, арык дене түзүлүштө, чачы кара, көзү күрөң.

Кимде ким сүрөттөгү жаранды таанып-билгендер болсо, төмөнкү номерлерге чалып коюуну милиция кызматкерлери өнүнөт.

Байланыш телефону: 0(3134) 5-33-80, 0(312) 60-75-67, 0(701) 80-18-03.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан