Биз социалдык тармакта

"Акыйкаттык орнобосо абактан сөөгүм чыгат". Камактагы Жеңиш Молдокматов ачкачылык жарыялады

Жеңиш Молдокматов 26-июлдан баштап ачкачылык жарыялаганын анын жардамчысы, "Туран" партиясынын мүчөсү Эрлан Бекчоро уулуна байланышканыбызда билдирди.

"Бүгүн Молдокматовго тергөө тарабынан 9-октябрдагы окуяга дагы тийиштиги бар деп шектүү кылып, кайра кылмыш ишин козгошту. Буга чейинки эки берене боюнча эч кандай далил табышкан эмес. Ал атайын сурак протоколуна кол койгондон баш тартып, бүгүн ачкачылык жарыялады. Ошондой эле Жеңиш Молдокматов чындык үчүн эркиндигимди курмандыкка чалдым. Акыйкат орнотулушу керек, эгер орнобосо анда абактан сөөгүм чыгат деген сөзүн айтты", - деди Бекчоро уулу.

Жеңиш Молдокматов УКМК тарабынан кармалып, башында Ички иштер министрлиги Молдокматовго октябрь окуяларында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратын басып алууга аракет кылган деп айыптаган. Андан соң айыпты “массалык баш аламандык” беренесине өзгөртүшкөн.

Малика Дина 11 жылдан кийин атасы Абдумалик Шерматовго жолукту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
kazakov1991
2021-07-26 23:15:46
Басып алуу беренеси боюнча Жапаров Ташиев баш болуп камалыш керек ,бул жон гана саясий куугунтук 100% жинди адам гана ишенбесе акыл эси соо адам билип турат
-2
Rifle_I
2021-07-26 23:28:02
Саясий оюн
-7
Boru-89
2021-07-26 23:50:15
Кыз боозуса энесин коркутат болосунда,сен олсон уй-булооно эле кыйын башкасынын урганы жок.Олосунбу турмодосунбу п...ю,сен кимсин озу?не холодно не жарко если често!!!Анан дагы элдин атынан суйлогонунорду токтоткула з.б
+9
Isikkolumkeremet
2021-07-27 00:45:21
2018~жылы жайында ушул адамдан маек уккам Марал радиосунан.эн кыйын,амбициясы кучтуу эр жигит экен деп баа бергем.аттин...саясаттын сасык оюнунун курмандыгы болгон белен...жаратканым жар болсун сизге агай.ак ийилет бирок сынбайт..
-1
Bak.taalai
2021-07-27 01:14:22
Азыркы бийлик элди ойлобой эле фейк аккаунттар менен иш алып барып калган. Бироо бирдеме деди сразу баса калып жамандап ушакчы катынча иштеп калган. Бу бийлик деле узабайт. Бииииир адамдын оз оозунан ушу бийликти мактаганын укпадым. Убагында колдогондор бармагын тиштеп окунгонун айтышууда. Жениш Молдокматов чынында кучтуу акыйкатчы саясатчы болчу. Текебаев экоо иш алып барып бийликке келгенде жашоо онолот. Кругозору кенен тушунуктуу адам гана кимдин ким экенин билбесе тайкылар азыркы
-1
Bak.taalai
2021-07-27 01:17:00
Тайкылар азыркы бийликти колдомуш этет а чындап келсе эмне учун колдоп эмне кыйратканына колдоп атат озулору да тушунбойт анткени алар тайкы да. Мына эми тиги ушакчы фейктер азззыр чыга калып минус басып ответ жазып олллуп калышат. Алар иштейт да ошолордун жугундусун ичкен итче алардан акча алып кошомат кылып мактап ырдаган Арзымат ырчыча. Жашооо ушуууу. Чындык чыркырап калган заман. Эх, тубун тушкур дунуйо турмуш...
-2
Sambet08
2021-07-27 01:41:06
Олсон озунун эле шорун да
-3
Azat-123
2021-07-27 01:44:03
Жакшы бар өлсөң
-2
Bak.taalai
2021-07-27 03:26:52
Azat-123,атан башы тупой эмнеге чыркырап атат мээн деле жеткен жок да.
0
Future11
2021-07-27 09:14:14
Октябрьда болгон окуялар учун ошол кезде бийликте отургандар, БШК жооп бериш керек. Төнкөрүшкө катышкандарды камоо туура эмес. Анда камагыла ошол күндөрү жүргөндөрдүн баарын. Өзүнөрдү баш кылып. Жениш Молдокматов саясий негизде гана камалды. Бул диктатуранын алгачкы белгиелири.
0
Bak.taalai
2021-07-27 12:01:39
Айгул деген неме жалан фейк аккаунттарды иштетет бийлик жонундо кеп болсо мактап оппозиция болсо жамандап коммент жазышат.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан