МакSим деген ат менен белгилүү болгон орусиялык ырчы Марина Абрамова эсине келе баштады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.
"Ал эсине келе баштады, колун жаңсап, белгилер менен сүйлөшүүгө жарап калды. Дарыгерлер анын колдонуп жаткан дарыларын бир аздан азайтып, уйкудан чыгарууга аракет кылып жатышат. Бирок бул процесс анын организминен көз каранды. МакSим дем чыгара алат, бирок толугу менен өз алдынча дем ала албайт. Абалы дагы деле оор, бирок туруктуу деп бааланууда. Дарыгерлер колунан келген аракетин кылып жатышат", - деп жазылат маалыматта.
Буга чейин жасалма комада жаткан орусиялык ырчы МакSимдин абалы дагы начарлап, оң өпкөсү иштебей калганы, ага ИВЛ аппараты да жардам бербей жаткандыгы жазылган болчу.
Эскерте кетсек, ырчы МакSимдин өпкөсүнүн 40 пайызы жабыркап, ооруканага жаткырылганы 16-июнда белгилүү болгон. Кийинчерээк андан дагы бир илдет аныкталып, ырчы оор абалда жасалма комада жаткандыгы кабарланган. Өз кезегинде орусиялык ырчы Стас Барецкий аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына жардам берүүгө даяр экенин айткан.