"Токио-2020": Владимир Золоев алгачкы атаандашына жеңилип калды

Бүгүн, 27-июлда кыргыз дзюдочусу Владимир Золоев Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарында мелдешке чыкты.

81 килограммга чейинки салмакта мелдешке чыккан кыргыз дзюдочусу алгачкы жүрүшүн 1/16 финалда баштап, анда орусиялык Алан Хубецов менен кез келди. Золоев беттеште автоматтык түрдө иппонго айланган 3-эскертүүнү алгандыгына байланыштуу калыс жеңишти Хубецовго ыйгарды.

Муну менен Владимир Золоев Олимпиада оюндарындагы жүрүшүн токтотту.

Белгилей кетсек, Владимир Золоев Азия жана Океаниянын учурдагы чемпиону.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KBD1987
2021-07-27 08:51:48
Бул спортчу формасына KGZ деп да жазбаптырго кочодон эле барганго же жазгандан уялат бекен?
+3
Dembele84
2021-07-27 09:36:55
Кыргызстандын атын жазыштан уялат бекен бул орус?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан