"Кызым, келгениңе рахмат!". Ырчы Малика Дина атасы Абдумалик Шерматовго жолугуп, бир туугандары менен таанышты

Ырчы Малика Дина атасы Абдумалик Шерматовго жолугуп, бир туугандары менен жакындан таанышты. Ата, кыздын жолугушуусун баяндаган видеону Абдумалик Шерматов социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Андан Малика Дина атасынын үйүнө барганын, бир туугандары менен жакындан таанышканын көрүүгө болот. Ошондой эле Абдумалик Шерматовдун 21 жаштагы кызы Айдананын (жакында эле каза болгон) көрүстөнүнө барып, куран багыштаганы көрсөтүлөт.

Абдумалик Шерматов кубанычы ичине батпай жатканын, ал сезип жаткан бактылуулукту башкалар дагы сезүүсүн билдирет. Айтымында, ушул жылдар аралыгында жубайы, балдары, кыздары "Малика качан келет?" деп күтүп жүрүшкөн. "Кызым, келгениңе рахмат. Биздин тилегибиз аткарылды. Демек, биздин ниет ак болгон экен", - дейт Шерматов.

Ал эми Малика Дина Инстаграмдагы баракчасы аркылуу окурмандардын суроолоруна жооп берип жатып, атасы менен 11 жылдан кийин жолугушуп жатканын айткан.

Буга чейин Малика Дина Өзгөн районунун Куршаб айылына барып, атасынын туугандары менен жолуккан.

Малика Дина 11 жылдан кийин атасы Абдумалик Шерматовго жолукту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
raikakyz
2021-07-27 10:14:28
Азаматсың, Малика. Атанын батасы балага түз тиет. Эң туура кылыпсың, атаңа барып батасын алгандын өзү чоң бакыт! Бактылуу бол!
+13
Shbdn
2021-07-27 10:16:39
Азамат Малика сен даагы бир жолу акылдуу кыз экениңди далилдердин.ким,кандай,эмне болбосун ал сенин атаң.тамырында анын каны агып жатканын унутпа сиңдим.
+13
Belek1710
2021-07-27 10:23:28
Азамат Малика, сен акылдуу кыз экенсиң апаңа рахмат.
+12
bema_bema
2021-07-27 10:57:32
Озунчо эле суйуномго мен
+9
med1983
2021-07-27 11:04:09
азаматсын!!!
+8
Birimdik5555
2021-07-27 11:47:56
Козумо жаш алдым суйунуп, турмушта ар нерселер болот кечиришип жашаган кандай жакшы. Атына заты жарашка Малика бактылуу бол
+7
IOA
2021-07-27 13:02:55
Молодец атанын батасын алсан агарып когоросун
+4
nazira...
2021-07-27 20:17:19
Өлаа, атасынын эле өззү экен. Эмт экөөңөр дует ырдап чыккыла.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан