Бүгүн, 27-июль күнү Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновдун маалымат жыйыны болуп өттү.
Анда "Кудайбергенов кызматыңызды сактап калууга аракет кыласызбы?" деген суроого жооп берди.
“Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кылып Улукбек Марипов дайындаган. Мен президенттен кызмат ордумду сактап калуумду суранган эмесмин. Мэрди шаардык кеңеш шайлайт”, - деп билдирди Кудайбергенов.