Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровдун ишин карап жаткан соттор кеңешүү залына кирип кетти. Бул тууралуу Зулпукаровдун жактоочусу Таалайкүл Токтакунова билдирди.
"Биз чынында адилеттүү чечим күткөн жокпуз. Анткени соттун жыйынтыгы белгилүү болуп калды. Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасын өзгөртсө качып кетет деген божомолдор менен, аны кармап турууну көздөп жатышат", - деди Токтакунова.
Ушул жылдын 31-май күнү Төрөбай Зулпукаров УКМКга суракка чакыртылган. Анда ал "Кумтөр" боюнча сурак бере турганы маалымдалып, сурактан соң камакка алынган болчу.