Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы "Золотые пески" пансионатында 18 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган пансионаттагы аквапарктын түтүкчөсү 18 жаштагы С.С. аттуу жигитти соруп кеткен.
Жерине ӨКМнын, ИИМдин кызматкерлери жана эс алуучулар тартылып, түтүкчөнү кесип маркумдун жансыз денесин алып чыгышкан.