Депутат Бакирдин Субанбеков менчик автомектептердин лицензияларын текшерүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Бакирдин Субанбеков Министрлер кабинетине менчик автомектептердин лицензияларын текшерүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал парламенттин жыйынында билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, акыркы күндөрү жолдордо, айрыкча Ысык-Көлгө кетчү трассада жол кырсыктары көп катталууда.

Ошондой эле ал жол кырсыктары жол эрежелери бузулгандыктан мас абалында рулга отургандар көп болгондуктан, айдоочулардын тажрыйбасы жок болгондуктан жол кырсыктары болуп жаткандыгын айтат.

"Адамдын өмүрүнөн башка эч бир кымбат нерсе жок. Акыркы 20 жылдын ичинде көптөгөн жеке менчик автомектептер ачылды, алар талаптагыдай билим бербейт жана айдоочулук күбөлүк беришет. Министрлер кабинети буга көңүл буруп, алардын лицензиясын текшериши керек", - деди Субанбеков.

Бул маселени кечээ, 27-июлда Ички иштер министрлигинин ардагерлери дагы көтөрүп маалымат жыйын беришкен.

ИИМдин ардагерлери автомектептердин айрымдары окутпай эле келишим менен айдоочулук күбөлүктөрдү берип жатканын айтып чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан