Биз социалдык тармакта

"Элиза 7 айлык кош бойлуу". "Элиза үй буюмдары" каржы пирамидасына киргендер ал тууралуу эмне дешет?

Кечээ, 27-июлда "Элиза үй буюмдарынын" өкүлдөрү алдамчылыкка шектелип кармалганы маалымдалган.

Социалдык тармакта жогорудагы жаңылык көпчүлүктүн талкуу чордонунда калды. Анда интернет колдонуучулары ар кандай маанайдагы комментарийлерди калтырып, бири кайгырып туура эмес иш болгонун, кай бири сүйүнүп, мындай иш туура болгонун айтып чыгышты. Анда алардын бир нечесине көңүл бурабыз.

"Элиза эч кимди алдаган жок. Канчалаган үй-бүлөлөргө жардам берип жаткан".

"Ушундай каржы пирамидалары жабылсын".

"Сооп болот. Канча адамдын акчасын алып, каяктагы финиш деп жеп коюшту. Мына арам акча эч качан жукпайт... Убактылуу жыргайт. "Один прекрасный день" ушинтип отуруп калышат".

"Мен дагы ишеничтүү адамдар жарнама кылгандан жазылдым эле. Эч нерсе жок. Бир жарым ай болду".

"Элиза 7 айлык кош бойлуу. Силердин дагы эне, карындаштарыңар болсо, чыгаргыла" деген өңдүү комментарийлерди арты-артынан жаадырышкан.

Көп өтпөй Бишкекте алардын тарапташтары митингге чыгышып, Элизанын күнөөсү тактала электигин айтышкан.

"Элиза үй буюмдары" каржы пирамидасынын атын атагысы келбеген катышуучуларынын бири Элиза айым кечээ ооруканага жаткырылганын айтып, төмөнкүлөргө токтолду.

"Элиза айымдын үстүнөн арыз түшпөптүр. Элдин баары муну каралоо деп ойлоп жатышат. Катышуучулардын баары Элиза айымды колдоп жатышат. Анткени бул каржы пирамидасынын ачылганына 3 ай гана болду. Негизи баары эле жакшы болуп бара жаткан. Фиништерди (белектерди) алып, кайра финишке кезекке туруп жатканбыз. Бизге так маалымат бериле элек.

Кечинде боюнан козголуп ооруканага түшүптүр деген маалыматты (Вотсап группасынан) жөнөтүштү", - деп билдирди катышуучулардын бири.

Бул маалыматты тактоо максатында Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына байланышып, сурап көрдүк. Аталган органдын маалымат кызматынан төмөнкүлөрдү билдиришти.

"Кош бойлуу экендиги чын. Бирок биз канча ай экенин айта албайбыз. Ал учурда убактылуу кармоочу жайда. Эч кандай санкция берилген жок", - деп билдиришти мекемеден.

Ал эми кээ бир социалдык тармактын колдонуучулары аталган каржы пирамидасына алданып калгандыгын айтышты.

"Бул каржы пирамидасына 2 жолу акча салып, эч нерсе албай калганбыз" деди катышуучулардын бири.

Ошондой эле каржы пирамидасынын катышуучулары Элиза камалып кетсе, буга чейин кошкон каражаттар күйүп кетишине кабатырланып жатышканын кошумчалашты.

Министрлик: "Өзгөндө зордукталган 12 жаштагы кыз мектептин тартиптүү, алдыңкы окуучусу"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
aika2013
2021-07-28 16:54:47
Пирамидага оздору акча салып кайра оздору арызданышат, мындай учурлар коп эле болдуго эч кимге сабак болбоптурда, ар ким озунон коруш кк арызданбай, эн жакшысы мандай тер мн иштеп алган эле жакшыго!
+14
Daniel01
2021-07-28 17:02:09
Биздин эл дагыле карангылыктан чыга элек ушуга окшогон машениктер кобойуп баратат сак болгула.... базардагы сатучуга барып 350 сом берип 3500сомдук картошка бер десен башын жара чабат ичип алгансынбы деп
+21
Mart19
2021-07-28 18:02:15
Daniel01,
0
futboler
2021-07-28 18:15:23
Ошон үчүн ушуга окшогон лотереядарды, призи бар оюндарды өткөрүүгө лицензиясы барларга гана уруксат бериш керек. Антпесе баары эле оюндарды өткөрүп жатышат, жоопкерчилиги жок.
+5
Egizderim-baktim
2021-07-28 18:43:52
Ай и тообо ар бир адамдын желкесинде башы баштын ичинде мээси болотко, акча кошкон адамдар озунор куноолуусунор.Буга окшогондор байыгысы келсе пирамида кылбай эле байый бербейт беле, тоок мээлер
+4
Ozgocho111
2021-07-28 18:59:55
Жалганчылар , акмактар, кош бойлуу экен кудайдан коркпойбу, канчалаган адамдар куйуп кетишти
+4
Gulina90
2021-07-28 19:58:53
Ушуга окшогон нерсени баарын жапса экен.
+6
aslan_akjol89
2021-07-29 00:29:19
Билип туруп,бироонун акчасына марыйын дегендердин акчаларын бербегиле.Тууган,дос жамааттарын арбап жарбап кошкондор куноолуусунор.Адал тирилик кылыш керек.
Ойлонсонор,азыркы заманда мен бирооно 360сом берем,мага кайра оз чонтогунон 3000сом бересинерби?Бири биринердин артынарга суу куймайды токтоткулачы.
+4
Jamalym
2021-07-29 02:36:06
Косметолог Давлетова да муну жарнамалап жатты беле адашпасам сторисине киргизип?
+2
jaskaaa
2021-07-30 10:13:38
Jamalym,Айдан Дека Гулжайна Атаканова дагы бир топ ырчылар!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан