Нарын облусунун казысы ден соолугуна байланыштуу арызын жазып, кызматын тапшырды

Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраев ден соолугуна байланыштуу арызын жазып, кызматын тапшырды. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматынан маалымдашты.

Ал эми Нарын облусунун казысы болуп Эрик Молдокулов дайындалды. Тиешелүү буйрукка муфтий Замир Ракиев кол койду.

Муфтий Мамбетасан Ибраевге «Ардактуу казы» наамын тапшырып, тез арада сакайып кетүүсүн каалады.

Эрик Молдокуловдун өмүр баяны:

1985-жылдын 15-январында Нарын облусунун Кочкор районунун Комсомол айылында төрөлгөн.

Билими:

2003-жылы Комсомол айылындагы Сагындык Өмүрбаев атындагы орто мектебин бүтүргөн.

2004-2009-жылдары Кыргыз өлкөсүндөгү Ислам университинин араб тили жана шарият факультетин аяктаган.

2014-2019-жылдары Нарын мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

2011-2014-жылдары Нарын медресесинде мугалим, мүдүр.

2012-2016-жылдары Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү.

2014-жылдан баштап Нарын шаарындагы “Саад ибн Абу Ваккас” мечитинин имам-хатиби.

2020-жылдын 7-декабрынан тарта Нарын облусунун казысынын орун басары болуп эмгектенип келген.

Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

Араб, түрк тилдеринде эркин сүйлөйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан