Жогорку Кеңеште чуулуу "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоору колдоо тапты

Жогорку Кеңеште чуулуу "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоору кайрадан добушка коюлуп, колдоо тапты.

Анда 97 депутат макул болсо, бешөө каршы добуш берди.

Бул мыйзам долбоорунун демилгечилери депутат Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова. Буга 30-июнда Жогорку Кеңеште бул мыйзамга 59 депутат "макул" деп, 38и "каршы" добушун берген болчу.

Эске салсак, былтыр, 25-июнда парламентте "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, ал колдоо тапкан. Долбоорго карата 79 депутат "макул" деп, 10 эл өкүлү "каршы" добуш берген. Аталган мыйзам коомчулук тарабынан терс кабыл алынып, бул сөз эркиндигине каршы келген мыйзам катары кабылданган.

Былтыр, 3-сентябрда мурдагы өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзамына карата каршы пикирге кол койгону маалым. Мыйзамга ылайык, өлкө башчынын мыйзам долбооруна карата каршы пикири кайрадан Жогорку Кеңеште каралышы боюнча сунуштоо берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан