Айдоочулардын эсине! Бишкекте чоң масштабдагы рейд өтөт

Милициянын кайгуул кызматы жакынкы күндөрү чоң масштабда рейд өткөрө тургандыгын эскертет. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

"Акыркы учурларда адам өмүрү менен коштолгон жол транспорт кырсыктары көп катталып, көптөгөн жарандар жол кырсыгынан ар кандай жаракаттарды алууда.

Алсак, 2021-жылдын 6 ай ичинде Бишкек шаарынын аймагында 1291 жол кырсыгы катталып, 1643 жаран жабыркаган. Бул келип чыккан жол кырсыктарынын себептери айдоочулардын жол эрежелерин толук кандуу сактабагандыгы болууда. Ошондон улам Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери Бишкек шаарынын ичинде коомдук коопсуздукту сактоо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана мас айдоочуларды аныктоо, ошондой эле жол транспорт кырсыктарынын алдын алуу багытында жакынкы күндөрү атайын чоң масштабда рейддик иш-чара өткөрөрүн алдын ала эскертет.

Андыктан бардык айдоочуларга жол эрежелерин сактоо менен айдоочуга жана автоунаага керектүү документтердин толук алып жүрүүсү эскертилет", - деп жазылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Timon
2021-07-29 15:24:33
Эскертуу бербей эле рейд кылыш керек
+3
KDM.Asylbek
2021-07-29 17:17:55
Timon,+++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++
+1
Asmat84
2021-07-29 19:13:20
Айып пулду кобойтуп коопсуз шаарды куруп коопсуз жашайбыз деп жомоко ишенип,жол кырсыктарын азайтабыз дешти эле тескерисинче көбөйүп жатат го
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан