ЭЛДИК КАБАР: "Жаңы автобус сурабайт элек, эскиси деле болмок" дейт Сокулуктун Кызыл-Туу айылынын тургуну

"ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл-Туу айылынын тургуну кайрылды. Анда ал шаарга каттай турган автобустардын саны аз экендигине токтолду.

"Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында жашайбыз. Шаарга келип иштегендиктен, 18-автобус менен келип, кетебиз. Транспорттун саны аз болгондуктан, тыгылып батпай калабыз.

Санитардык нормалар тууралуу айтпай эле коёлу. "18-автобустагылар ковидден коркпойсуңарбы?" деп бизди шылдыңдап калышат.

Таксиге түшкөнгө элдин чөнтөгү туура келбейт.

Биз жаңы автобус деле сурабайт элек, эскиси деле болмок. Негизгиси жүрсө болду. Эч бир жерге үнүбүз жетпей койду", - деп билдирди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Spb
2021-07-30 11:44:23
Афтобузда ковид жукпай имиш биз делеРоссияда метродо тугулып кетебиз без пирчатки и без маска ондо жукпайт качан жугат магазинге барганда же бир иш канага баргада жугуп калат ошондо маска пирчатки тагынып калабыз
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан