Чычкан суусуна агып кеткен 61 жаштагы аялды издөө иштери улантылууда

Чычкан суусуна агып кеткен 61 жаштагы аялды издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Токтогул районунда Мраморный тилкесинде болжол менен 1-августта саат 18:00 чамасында 1960-жылы туулган В.Д. сууга агып кеткен.
"Жерине 5 куткаруучу тартылып, саат 21:20да кеч болуп калгандыгына байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган. Бүгүн, 2-август күнү саат 06:00дө издөө иштерине 10 куткаруучу, Жаңы-Жол айыл аймагынан 10 адам жана туугандарынан 20 адам, жалпы 50 адам тартылды", - дешти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан