Бишкек шаарына мэр болору маалымдалган Таалайбек Сарыбашов бүгүн, 2-августта түштөн кийин Бишкек шаарына келет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош шаарынын мэриясындагы өздүк булактар билдиришти.
Алдын ала маалыматтар боюнча, мэрди коллектив менен тааныштыруу эртең болушу мүмкүн.
Буга чейин Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Бишкек шаарына мэр болуп келери маалымдалган. Ага ылайык, президенттин иш башкармалыгынын башчысы Алмаз Мамбетов Ош шаарына мэр болот. Ал эми Мамбетов аркалап келген бул кызматка Бишкектин учурдагы мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов келе тургандыгы маалымдалган.