"Токио-2020": "Өтө күчтүү". Акжол Махмудовдун жарым финалдагы атаандашы кандай ийгиликтерди багынткан?

Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын алкагында кыргыз балбаны Акжол Махмудов бүгүн, 2-август күнү килем үстүнө чыгып, анда азербайжандык жана тунистик балбанды жеңип, татыктуу түрдө жарым финалга чыкты.

Жарым финалда кыргыз балбаны күчтүү делинген армениялык Карапет Чалян менен кез келет. Кыргыз балбанынын жарым финалдагы атаандашынын ийгиликтерин карап көрдүк.

27 жаштагы Карапет Чалян 2010-жылдан бери эл аралык мелдештерге катышып келет. 2013-жылы 74 килограммга чейинки салмак категориясында өспүрүмдөр арасында дүйнө жана Европанын чемпиону болгон. 2016-жылы Рига шаарында өткөн Европа чемпиондугунда 75 килограммга чейинки салмакта коло байгеге ээ болгон.

2019-жылы Минск шаарында өткөн Европа оюндарында 77 килограмм салмакта финалга чейин жетип, финалда орусиялык Александр Чехиркинге утулуп, күмүш байгеге ээ болгон.

2020-жылы Италияда өткөн Европа чемпиондугунда 77 килограмм салмакта Карапет Чалян коло байгеге ээ болгон.

Карапет Чалянды Дүйнөлүк күрөш уюму "Токио-2020" Олимпиадасындагы фаворит балбандардын ичинен үчүнчү орунга койгон.

Жарым финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:15те башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
salimbek87.kg
2021-08-02 11:22:30
Буйруса Акжол жеңет Кудайым озу колдосун.
+8
rysik79
2021-08-02 12:45:15
Акжол армянды мамалатат буйруса
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан