Кыргыз өлкөсүнүн биринчи президенти Аскар Акаев бүгүн, 2-августта Бишкекке алып келинди. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, "Кумтөр" долбоорун ишке ашыруудагы коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө алкагында, ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан өлкөнүн мурунку президенти Аскар Акаевге издөө жарыяланган.
"Акаев башка мурдагы жогорку кызмат адамдары менен бирге 1992-жылы "Кумтөр" долбоору боюнча башкы келишимди түзүүдө, 1994-жылы ага өзгөртүүлөрдү киргизүү учурунда, ошондой эле 2003-жылы "Камеко" компаниясы менен түзүлгөн Башкы келишимди реструктуризациялоо учурундагы коррупция боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган.
Ошентип тергөө Акаевдин президенттигинде "Кумтөр" долбоорун ишке ашыруу учурунда коррупцияга аралашкан бардык күнөөлүү адамдарга укуктук баа берди. Ошол эле учурда УКМК Акаевди республиканын аймагына алып келүү менен кылмыш жоопкерчилигине тартуу жагынан тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө багытталган активдүү иштерди жүргүзгөн.
Буга байланыштуу УКМК тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында, 2-августта экс-президент Аскар Акаев Бишкекке жеткирилип, дароо ведомстволор аралык тергөө тобуна которулду", - деп билдиришти УКМКдан.
Учурда Акаев УКМКнын имаратында экени айтылды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кошумча маалымат берилерин билдиришти.
Акаев Кыргыз өлкөсүн 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылдагы март окуясында бийликтен кулатылгандан кийин үй-бүлөсү менен Орусияга чыгып кеткен, ошондон бери мекенге келе элек болчу.