Интернетке Акаевдин Бишкекке келгендеги сүрөтү тарады

Кыргыз өлкөсүнүн биринчи президенти Аскар Акаевдин Бишкекке келгендеги сүрөтү интернет желесине тарады.

Маалымат үчүн:

Белгилүү болгондой, Аскар Акаев бүгүн, 2-августта Бишкекке алып келинип ведомстволор аралык тергөө тобуна өткөрүлүп берилген.

Ага "Кумтөр" долбоорун ишке ашыруудагы коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө алкагында издөө жарыяланган. Буга байланыштуу УКМК тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында, 2-августта Бишкекке алып келинди.

Акаев Кыргыз өлкөсүн 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылдагы март окуясында бийликтен кулатылгандан кийин үй-бүлөсү менен Орусияга чыгып кеткен, ошондон бери мекенге келе элек болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Pankration_MMA
2021-08-02 16:27:36
Өзү эле келиптирго.
+7
Usmanbekali
2021-08-02 16:42:16
Тим эле алынып келинди деп кетишет, өзү эле келиптир го
+4
Nurgazy.kanykei.abuw
2021-08-02 16:42:45
укмк эми хит болот кармап келдик деп
+4
Aman_Mansurov
2021-08-02 16:47:55
Өзү келген кишини кармап келдик деп айткандан уялбайсынарбы.
+5
Rusi79
2021-08-02 17:47:08
Силерге айтыбы озум келдим деп,туурасы озу келгенге аргасыз болду окшойт.
Просто мурунку бийлик калп эле кылмыш козгомуш болушкан,чындап киришсе баары оздору келишет.
+2
argynnuri9
2021-08-02 17:52:02
Өзү келип тергөө амалдарына жардам берет деп жазып коюңуз.укмк кыйратып иштеп жатканын көрүп жатабыз.
-1
rahat73.
2021-08-02 18:40:38
Акаев кеткенде эч кимге зыянын тийгизген жок да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан