Бүгүн, 2-августта Аскар Акаев өлкөгө келген. Анын УКМКнын имаратында экендиги кабарланган. Учурда ал УКМКдан чыкты. Өлкөнүн биринчи президентин журналисттер тосуп алышты.
"Бүгүн өзүмдү абдан бактылуу сезип жатам. 16 жылдан кийин мекенге келип отурам. Абдан толкундануудамын. Өлкөгө бир жумага келдим. Менин келишиме уруксат берген президент Садыр Жапаровго рахмат", - деди Акаев.