Аскар Акаев "Кумтөр" иши боюнча тергөөгө жардам берүү үчүн келдим"

Аскар Акаев Кыргыз өлкөсүнө бүгүн, 2-августта келди. Ал Кыргыз өлкөсүнө "Кумтөр" иши боюнча тергөөгө жардам берүү үчүн келгенин журналисттерге айтты.

"Мага өлкөгө келүүгө шарт түзгөн бийликке ыраазымын. Менин убагымда "Кумтөр" салынгандыктан айрым суроолорго жооп берүү үчүн келдим. Ошондуктан тергөөгө жардам берип өзүмдүн көрсөтмөмдү берем. Бул жакта мени жакшы кабыл алышты. Суроолор дагы болду, бүгүн биринчи сурак болду. Мен кандай болсо ошону ошондой айтам. Мен самолётто гана "Кумтөр" иши менен тааныштым. Мен бир аптага келдим, ал жакта чоң суроолор бар да. Эгер мен жетишпей калсам, анда жактоочум жооп берип турат", - деди Акаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан