Чычкан суусуна агып кеткен 61 жаштагы аял үч күндөн бери табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 1-август күнү Токтогул районунда 1960-жылы туулган аял Чычкан суусуна колун жууп жатып тайып жыгылып, сууга агып кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.
Жерине 5 куткаруучу тартылып, издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулган. Издөө иштери бүгүн, 3-август күнү улантылат.