Мурдагы премьер-министр Темир Сариев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Сариев "Кумтөр" иши боюнча кармалды.
"Тергөө ишинин жыйынтыгына жана иш боюнча алынган далилдерге таянып, бүгүн, 3-августта өлкөнүн мурдагы премьер -министри Темир Сариевди УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизүү чечими кабыл алынды. Тергөөнүн жүрүшүндө, Сариев экономика министри, ошол эле учурда тиешелүү мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турган убакта, Кумтөр кенин иштетүүдөн келип чыккан экологиялык зыяндын суммасын бир нече миллиард сомго аз көрсөткөнү, анын натыйжасында мамлекетке чоң зыян келтирилгени аныкталды.
Сариев камакка алынгандан кийин ведомстволор аралык тергөө тобу аны менен бирге тергөө иш аракеттерин улантышат. Тергөөнүн жыйынтыгында жакынкы 48 саатта Биринчи Май райондук соту бөгөт коюу чарасын тандоо маселесин карайт", - деп айтылат маалыматта.
УКМК "Кумтөр" иши боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы тууралуу жана Сариевге айыпталган эпизоддор боюнча керектүү маалыматты коомчулукка берип турууну убада кылды.