Жеңиштин көз жашы! Мээрим Жуманазарова Олимпиаданын коло медалын тагынды

Токио 2020 XXXII Жайкы Олимпиада оюндарында спорттун эркин күрөш түрү боюнча мекендешибиз Мээрим Жуманазарова коло байге үчүн болгон беттеште жеңүүчү аталды.

Мээрим Жуманазарова бул беттеште монголиялык атаандашы Батцэцэг Соронзонболдынды 10:1 эсеби менен жеңип, коло медалды камсыздады.

Белгилей кетсек, кыргыз балбан кызы алгачкы жүрүшүн 1\8 финалда баштап, анда ал болгариялык Мими Христово менен кез келип, атаандашына 5:4 эсебинде жеңилип жатып, беттеш бүтөрүнө 2 секунд калганда атаандашынын артына өтүп, 2 упай алып 6:5 эсебинде жеңүүчү аталган.

Бирок чейрек финалда нигериялык Блессинг Оборудуду аттуу балбан кыз менен кез келип, тилекке каршы атаандашына 3:2 эсебинде жеңилип калган.

Бирок Олимпиаданын эрежесине ылайык Мээрим Жуманазарованы жеңген Блессинг Оборудуду финалдык баскычка чыккандыктан балбан кызыбыз коло байгеге күрөшүүгө мүмкүндүк берген жубатуучу беттешке катышкан. Анда мекендешибиз азербайжандык 25 жаштагы Елис Манолова аттуу балбан кыз менен кез келип, атаандашын 4:1 эсебинде жеңип, коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Islam98
2021-08-03 18:24:00
Урааааааа жаным го
+6
Adi.Avazbekov
2021-08-03 18:25:34
Жарайсы
+5
Nina.alex
2021-08-03 18:28:55
Азззззамат. Канча кучтуу болсо да кыз да все равно. Ыйлап жиберди
+8
nazira...
2021-08-03 18:31:19
Урааа, азаматтар. Алтынды эми Айсулуу алат куда кааласа
+4
max-bek
2021-08-03 18:31:51
Азамат Мээрим. Кубанганымдан коз жашым чыгып кетти. Олко намысын татыктуу коргодун. Ото жашсын кийинки олимпиадада алтын буйруса биздики.рахмат сага алтыным.
+2
molorbaev
2021-08-03 18:42:29
Ураа. Азамат.
+2
sotkasotovic
2021-08-03 18:47:10
Мээнет кылсан жетесин доолотко бекеринен айткан эмес ата бабаларызбыз. Машыгуу бул жакта турсун физиаратка кылгандан зээригебиз
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан