SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Каракол шаарынын тургуну кайрылды. Анда ал көчөгө түндө жарык берүүчү жарыктар күндүзү дагы күйүп турганына нааразы экендигин билдирди.
"Каракол шаарынын Абдырахманов көчөсүнүн түндө жарык берүүчү чырактары күндүз дагы өчүрүлгөн эмес. Электр энергияга болгон көңүл коштук мамилеге ким жооп берет?" - дейт окурман.
Ошондой эле аталган шаарда жайгашкан эс алуу сейил багында "I Love you
Каракол" деген жазууну сындырып кетишкенин айтып, шаардын жаштарына кайрылды.
"Эс алуу сейил багында "I Love you Каракол" деген жазууну сындырып кетишиптир. Окуя качан болгону белгисиз. Биздин жаштар шаарыбыздын өнүгүп-өсүүсүнө бут тосмойлорду, сындырып-бүлдүрүүнү токтотсо аябай жакшы болот эле", - деп кошумчалап өттү окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.