"Токио-2020": Атабек Азисбеков 2:10 эсебинде жеңилүү ызасын тартты

Грек-рим күрөшү боюнча кыргыз балбаны Атабек Азисбеков "Токио-2020" жайкы Олимпиадасында коло байгеге күрөшүүгө мүмкүндүк берген көңүл жубатуучу беттеште жеңилүү ызасын тартып калды.

Мелдеште Атабек Азисбеков германиялык Денис Кудла менен каршылашып, 2:10 эсеби менен утулду.

Белгилей кетсек, Олимпиадага күрөштүн грек-рим түрү боюнча 87 килограмм салмакта катышып жаткан Атабек Азисбеков алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, анда венгриялык күчтүү делинген Виктор Лоринц аттуу балбан менен кез келип, кыргыз балбаны мыкты күрөш көрсөткөнү менен атаандашы бир топ күчтүү болуп, Атабек Азисбеков венгриялык балбанга 6:1 эсебинде жеңилип калган.

3-августтагы спорттук оюндардын жүрүшүндө Кыргыз өлкөсү 2 медалга ээ болду. Күмүш медалды Акжол Махмудов, коло медалды Мээрим Жуманазарова тагынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Dembele84
2021-08-04 09:32:18
Конул жубатууга илештирип хотя бы коло медаль утуп алсын десе, аны да женилипсин да айланайын!((
+8
zhaynak
2021-08-04 09:55:50
Жоо кулук эмне болду супер
+3
assanov97
2021-08-04 12:18:04
zhaynak,18
0
KaGaH
2021-08-04 12:41:28
Ашпалбан экенсиң
+2
Eden-Hazard
2021-08-04 15:37:08
Мешок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан