Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын алкагында кыргыз балбаны Акжол Махмудов бүгүн, 3-августта финалда беттешке чыкты. Анда ал венгриялык фаворит балбандардын бири Тамас Лоренц менен кез келип, атаандашына 2:1 эсебинде жеңилип калды.
Кыргыз балбаны алгачкы жүрүшүндө эле тунистик балбанды 11:0 эсебинде татыктуу түрдө жеңип, чейрек финалга чыгып, чейрек финалда
азербайжандык Рафиг Хусейновду 9:1 эсебинде жеңип, жарым финалга чыккан.
Жарым финалда Акжол Махмудов армениялык күчтүү делинген Карапет Чалян менен кез келди. Бири-бирине төп келген эки балбан тең мыкты беттеш тартуулап, кыргыз балбаны атаандашын 6:2 эсебинде жеңип алган.
Финалда Акжол Махмудов менен беттешкен Тамас Лоренц тууралуу маалыматты бул шилтемеден окуңуз.