"Вирустан спорт менен коргонолу". Владислав Шулико Ысык-Көлдү узунунан сүзүп, дүйнөлүк рекорд жаратууну көздөөдө

Кыргыз жараны Владислав Шулико Ысык-Көлдү узунунан 180 чакырым аралыкка сүзүп, дүйнөлүк рекорд жаратууну көздөп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта аталган спорттук иш-чаранын уюштуруучулары тарабынан өткөрүлгөн маалымат жыйында белгилүү болду.

Маалымат жыйынга сууда сүзүү боюнча Эл аралык спорт чебери Владислав Шулико, ишкер, ММА федерациясынын президенти Бабур Тольбаев, ошондой эле "Дасмия" компаниясынын президенти Турусбек Мамашов жана президенттин кеңешчиси Руслан Кыдырмышев катышты.

Спорттук иш-чара Ысык-Көлдө 24-августтан тартып 29-августка чейин өткөрүлөт. Бул иш-чарага дүйнөнүн ар тарабынан коноктор келет.

"Биздин Владислав аттуу балабыз Каракол шаарынан баштап Балыкчы шаарына чейин сүзөм деп даярдык көрүп жатат. Биз мындай жагымдуу кабарды ден соолук сүзүүсү деп атадык. Себеби вирус дүйнө жүзүнө тарап, баш аламан болуп турган кез. Ошол себептүү касиеттүү Ысык-Көлдөн дүйнө жүзүнө вирустан бизди коргой турган бул спорт деп жар салабыз. Чындыгында, вирусту спорт жеңет десек болот, аны дарыгерлер деле тастыктап жатат да. Вирустан кутулуунун жолун дүйнө жүзү издеп жатат, биз болсо аларга кайрылып жатабыз", - деп билдирди Турусбек Мамашов.

Мамашов бул долбоордун колдоочусу президент Садыр Жапаров экенин белгиледи. Ал эми иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Бабур Тольбаев бул өлкөнүн туризмин өнүктүрүүгө чоң салым кошорун кошумчалайт.

"Дүйнө жүзүнөн миллиондогон катталуучулары бар блогерлер келип, аларга карата атайын форум болот. Алар өздөрүнүн баракчалары аркылуу биздин иш-чараны чагылдырышат", - дейт ал.

Ал арада Владислав Шулико буларга токтолду: "Мен сууда сүзүү боюнча спорт чебери болсом дагы бул иш-чарага 1 жылдан ашуун убакыттан бери тынымсыз даярдандык. Аба ырайын жана башка факторлорду эске алуу менен көздөгөн жерге 4 күн ичинде сүзүп өтөм деп максат коюп жатам".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан