"Спортко тиешеси жок адамдар, депутаттар жүрүшөт". Мээрим Жуманазарованын, Айпери Медет кызынын машыктыруучусу Токиого барбай калганына капа

Токиодогу Олимпиада оюндарында коло медаль тагынган Мээрим Жуманазарованын жана Айпери Медет кызынын биринчи машыктыруучусу Дүйшөн Жуманазаров машыктыруучу катары спортчуларды коштоп Токиого барбай калганына капа. Бул тууралуу ал жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде айткан.

"Олимпиадага кетерде барасың деп, кие турган кийимдерибиздин өлчөмүн алып даярданганбыз. Акыркы учурда кыскартуу болду деп айтып коюшту. Барган адамдардын арасында спортко тиешеси жок адамдар, депутаттар жүрүшөт. Атын айтпай эле коёюн. Мурда мындай учурлар болуп келген, дагы деле ошондой нерселер кайталанып жатат. Бул нерсени өлкө башчы өзү көзөмөлгө алып, өзү чечпесе...

Олимпиадага барган эки кыздын биринчи машыктыруучусу катары мен алардын күрөшүн үйдөн телевизордон көрүп отурам, алар болсо Токиодо беттешип жүрүшөт. Же башында барасың деп айтпай эле коюшса болмок. Барасың деп ээленип калгандан кийин жаш дагы эмесмин, 40 жыл иштедим. Ушунча жыл иштеп Олимпиадага үч адамды бердим", - деп билдирген Жуманазаров.

Белгилей кетсек, кечээ, 3-августта Жуманазарова Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында биринчи болуп аялдар арасында Олимпиада оюндарынын медалын утуп алды.

Ал эми коло байге үчүн беттеште Айпери Медет кызы түркиялык Ясемин Адар аттуу балбан кыз менен кез келип, атаандашы Айпери Медет кызынын далысын жерге таза басып жеңишке жеткен.

Муну менен Айпери Медет кызы Олимпиадада 5-орунду камсыздаган.

Мээримге чейин Айдын Смагулов, Канатбек Бегалиев, Руслан Түмөнбаев, Базар Базаргуруев жана Акжол Махмудов Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында Олимпиада медалдарын алышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Shabi
2021-08-04 16:21:49
Танкалып кереги жок.биздин элиталардын денгээгли ушундай эле.Булардын чындап эле беттери калын болот экен да
+17
Marni
2021-08-04 16:22:54
Какой кошмар! Позор вам, чиновники!
+14
ainura220888
2021-08-04 16:41:45
Депутатарга бышырып коюптурбу ушунчалык бети жок. Акчасы тольура бара бер наржака
+16
nazira...
2021-08-04 16:55:10
Кимдер экенин ачык эле айта бербептир, пусть баары билсин нахал чимкириктерди.
+11
Jacob.
2021-08-04 17:21:17
Ошол чимкириктерди аэропорттон тосуп алып тазза прогиб сая турган экен..
+9
Mister-XXX
2021-08-04 17:32:08
Мээрим Жуманазарованын атасы болсо керек.
Атасы жанында турса Мээрим мындан да ашыкча дем менен курошмок.Атасы,машыктыруучусу болсо созсуз барышы керек эле.
+9
Mubarak
2021-08-04 17:33:43
Айсулуу не болду 4то деди беле
+5
Dastanali
2021-08-04 17:35:58
Чимкириктер да лицензия алган да Токиого, кийинкиге да катышышат. Капа болбогула
+4
Zumrudianka
2021-08-04 18:30:40
Эмнеге аты аталбады бок курсак чимкириктердин аты. Ачык айтыныз эл билсин. Жапаров да билсин, коп нерсени жеткизишпейт ортодогу сапалак иттери. Мурун халявада жашап конгон депутаттар оздорун токтото алышпайт жоношуптурда холявщиктер
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан