"Токио-2020" XXXII Жайкы Олимпиада оюндарында эркин күрөш боюнча мекендешибиз Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль утту. Балбан кыз финалда жергиликтүү спортчу Юкако Каваи менен кез келип, тилекке каршы, 4:3 эсебинде жеңилип, бирок күмүш медалды өлкө капчыгына алып берди. Муну менен олимпиададагы үчүнчү медаль куржунубузда.
Айсулуу Тыныбекованын сыйлык тапшыруу аземиндеги видеосу.