"Көңүлдү чөгөрбө, айланып кетейин!". Айсулуу Тыныбекованын атасынын кызына кайрылуусу (видео)

SUPER.KG порталы Дүйнөлүк Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Айсулуу Тыныбекованын төрөлүп-өскөн үйүнө - Кочкор районунун Теңдик айылына барды. Балбан кыздын атасы Болот Тыныбеков кызына кайрылып, башты бийик көтөрүп келишин айтты.

"Көңүлдү чөгөрбө, башты өйдө, бийик көтөр, айланып кетейин! Бардык кыргыз элине салам айтып, жалпы журтту куттуктайм", - деди ал.

- Кечээ кызыңыз финалга чыкты, бүгүн килемге чыкмак, түн кандай өттү?

- Түндө укташ кыйын болду, Олимпиадада финалга чыгуу оңой эмес. Бул эми Олимпиада спорттун эң бийик чеги деп ойлойм. Кызым аман-эсен алтын медалга жетсе экен деп тилеп жаттым. Балдарымдын баарында тырышчаактык мүнөз бар. Анын арасында Айсулуу кичинекей чагынан эле абдан тың болчу.

Айсулуу Тыныбекованын ата-эне, бир тууган жана туугандары беттешти көрүү учурунда


кошулду
Тыныбекованын атасы: "Көңүлдү чөгөрбө, башты бийик көтөр, айланып кетейин"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
engel
2021-08-04 20:40:58
Атасынын копиясы го! Бактылуу болот дечу эле го Айсулуу, сиз да бактылуу болунуз ылайым!
+10
erkeleim
2021-08-04 21:13:46
Алтын кыз!!! Азаматсын Айсулуу Байтеректин ордуна башкы тренер, психологдордон жиберсе болот элего! Ошо катынды таштап келгиле пайдасызды
+18
Marni
2021-08-04 21:50:07
erkeleim, абсолютно согласна с Вами. Байтерек слишком много себе позволяет. Возомнила себя первой леди КР. Позор ей и чиновникам-туристам.
+8
nazira...
2021-08-04 21:52:51
erkeleim,аябай туура айтасын, таштап келишсин пвйдасызды. Ошол жакта Сайтерек болуп сайда кала берсин.
+6
Geroina
2021-08-04 21:55:19
Эх,кантип ыйлабайт,бизди кошо ыйлатты Алтын кыз!!!!
+6
surgeon777
2021-08-04 22:00:25
Айсулуу тапкан,таптап баккан,жакшы тарбиялаган ата-энесине таазим! Бар болунуздар коп жашаныздар,Айсулуу эми сиздердин гана эмес Кыргыз элинин алтын кызы!
+6
marat-ju
2021-08-04 22:50:15
Атасына окшоп красавица турбайбы Айсулуу
+4
Jaka1978
2021-08-04 23:59:21
20-30секунд болгондо утмаксын,алтын кыз,аман бол самый главный
+3
Salixa.
2021-08-05 09:30:29
Ата энесине Аллах ыраазы болсун,ушундай балбан кызды багып өстүргөн.((мен финалды чыдап көрө албай чыгып кеттим )
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан