Биз социалдык тармакта

Улукбек Марипов: "Айсулуунун бүгүнкү күмүшү алтынга тете"

Улукбек Марипов Токиодогу XXXII жайкы Олимпиадалык оюндардын жеңүүчүсү, кыз-келиндер арасындагы күрөштө күмүш медалды жеңип алган Айсулуу Тыныбекованы куттуктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Айсулуу, мен сизди Олимпиадалык оюндарда ийгиликтүү оюн көрсөткөнүңүз үчүн чын ниеттен куттуктайм. Жалпы мекендештердин атынан сизге айтаарым – сиз Азаматсыз! Бүгүнкү күмүшүңүз алтынга тете. Бул жалпыбызга зор дем берет. Биз сиз жана Олимпиадалык курама команданын жалпы мүчөлөрү менен сыймыктанабыз. Айсулуу, сизге жана сиздин ата-энеңизге жеңиш үчүн, жаркын маанай үчүн, өз өлкөбүз үчүн сыймыктануу мүмкүнчүлүгүн тартуулагандыгыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз!" - деди Улукбек Марипов.
Эскерте кетсек, Кыргыз өлкөсүнүн Олимпиадалык курама командасында грек-рим стилиндеги балбан Акжол Махмудовдун күмүш медалы жана кыз-келиндер арасындагы күрөштө күч сынашкан Мээрим Жуманазарованын коло медалы бар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asyl.jazi
2021-08-04 21:14:10
Урматтуу, Улукбек Марипов! Чындап ошол кумуш алтынга тете болсо, анда алтындын байгесин бериниздер! 10 млн сом.
+5
Kanzada97
2021-08-04 23:10:03
10 млнду 3го болуп берип койсундар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан