Мурдагы премьер-министр Темир Сариев УКМКнын СИЗОсунда 30-сентябрга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу анын адвокаты Тимур Султанов билдирди.
Анын айтмында, Сариевдин баш коргоо чарасы 4-августта түндө Биринчи Май райондук сотунда каралды.
3-августта Темир Сариев "Кумтөр" иши боюнча УКМК тарабынан кармалган.