Каржы пирамидасында, тармактык маркетингде "жылт эткен" жылдыздар

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө акыркы 6 ай ичинде 906 каржы пирамидасы аныкталды. Каржы пирамидаларынан жабыркагандар ондоп, жүздөп саналат. Алсак, айымдарды тиричилик буюмдары менен азгырган "Элиза үй буюмдары" тобу, кыска убакыттын ичинде каражатты көбөйтүп берүүнү убадалаган Таластагы "Эл биримдиги" өнүктүрүү фонду деп аталган компаниясы жана бир катар пирамидалары бар.

Үмүтү акталбай калган айрым жабырлануучулар каржы пирамидасын иштеткендерди эле жоопкерчиликке тартпастан аны жарнамалап, чакырык таштаган белгилүүлөрдү дагы жоопкерчиликке тартуу керек деген пикирлерин айтышууда. Мындан улам ушул сындуу топторго, компанияларга чакырык таштап жүргөн эл адамдарын тизмектедик.

Куудул, актриса Гүлжайна Атаканова буга чейин "Safe Business" компаниясында иштеп, анын артында чоң жетишкендиктерге жетишкенин айтып келген. "Бул компания дагы деле иштеп жатат. Азырынча кичинекей балам менен иштегенге мүмкүнчүлүк боло элек", - деди ал.

Аталган компаниянын расмий сатында "аймактар аралык жана эл аралык деңгээлде аз сандаган топтордон тартып миңдеген уюмдарды түзүүдө өнөктөштүк бизнестин жолун басып өткөн структуралык ишкерлер; өйдө-ылдыйды чогуу басып өткөн пикирлештер, достордун командасы болуп саналабыз", - деп айтылат.

Ал эми режиссёр Ырыс Жоомартова тармактык маркетингдерге кызыкпай турганын, жеңил оокат экенин айтып буларга токтолду.


"Мени "Элиза үй буюмдарын" жарнама кылган деп жатышат. Мен Элизадан маек алуу үчүн сүйлөшүүгө барганымда белектерди берип жатыптыр, ошону тартып чыгарып койгом. Эртеси күнү эле кармалганын уктум. Тармактык маркетингдердин өкүлдөрүнөн сунуштар түшүп келген, бирок баш тартчумун. Ошол жаатта иштеген курбум мени ушул сындуу компанияларга каттатып койгон. Канча тармактык маркетингге катталганымды билбейм, курбуларым жаздырып коюшат, бирок такыр иштебейм. Керек болсо катталгандан кийин алган продукцияларды ичкен жокмун, үйдө жатат", - деди ал.

Ырчы Самат Муратбеков дагы "Safe Business" компаниясында иштеген.

"Тармактык маркетингди жаман дегенден алысмын. Иштей албаган адам "булар алдайт" дей берет, бул жакка келгенде бир гана иштеш керек, ошондо гана акча табасың.

Мен "Safe Business`те" 2 жылга жакын иштедим, жакшы эле каражат таптым, эч кимди алдаган эмесмин. Азыр иштебей калгам, мага элге түшүндүрүп, аларды чакыруу жага бербейт. Учурда ушул сындуу командаларга, компанияга чакыргандар болуп жатат. Бирок баарынан баш тартып жатам", - дейт.

Ырчы Илгиз Абдалиев келинчеги менен "Элиза үй буюмдары" тобунда иштеп баштаганына 1 айга чамалаганын жашырган жок.


"Башында тармактык маркетингдерди жарнамалап жүрдүм. Бирок өзүм катарга кошулганга макул болгон жокмун. "Элиза үй буюмдарына" чакырышканда да ишенбестик көрсөттүм. Жакындарым буюмдарды алып баштаганда келинчегим экөөбүз бул командага кошулдук. Тиешелүү сумма менен катталгандан кийин 10 күнгө жетпей жумшак эмеректи тандап алдык. Аны ата-энеме бергенбиз. Кийинкисин алаарда Элиза кармалды. Анын кош бойлуу экени чын. Бул ишенимдүү эле топ болчу, элди алдаган жок. Бул жерде уюлдук оператор компаниясы акча которууларды токтотуп койду. 20 миңдей сомго күйдүк. Биз дагы Элизанын чыгышын, андан ары эмне болорун күтүп жатабыз", - деген пикирин айтты.

Кыргыз шоу-бизнес өкүлдөрүнүн арасында тармактык бизнести алдыңкы планга коюп же чыгармачылык менен чогуу алып кеткендер жок эмес. Алсак ырчылар Анжелика, Назми Байзакова, Айнура Салахидинова, Жайнагүл Тентиева, Фарида Карбосова, шоумен Бакыт Байсариев жана башкалар бар. Алардын ар кайсы компаниянын продукцияларын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу байма бай жарыялагандарына күбө болуп келебиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
nazarnew
2021-08-05 15:00:41
Сетевой маркетингге киргенден көрө, хбет ойногула акчанын астында каласыңар, конечно кумар но умно иштесенер болот.
+1
al-abu-kinesz
2021-08-05 15:02:13
Пирамиданы кургандар карапайым эч ким тааныбаган адамды котормолосо жарнамасы жакшы болбой калат, андан коро таанымал адамдарды тартып бир жылда бир уй берип коюшса жарнамасы жакшы болот да. Гулжайнага окшоп рекламаны жакшы кылып берет. Пирамида аты айтым тургандай эле башындагылар жыргап тубундогулор куурай берет да. Ошон учун арам
+4
Mister-XXX
2021-08-05 15:53:28
Эсинер болсо каржы пирамидасына кирбей эле койгула.Атактуу адамдар банкрот болбойт,алар жарнама кылганы учун акча алат.
+5
Dembele84
2021-08-05 15:56:18
Женил оокатка жугургон ырчылар ушулар.Кичине акча берип койсо,болбогон нерсени мактап жатып калышат
+4
ainura220888
2021-08-05 16:30:11
Бир нерсе десе эле бешене тер дей беришет ушул ырчылар. Бешене тер деген айылда или мишрантар чисто 12 саатап тикеден тик турган бул бешене тер. Женил окаат силерки. Айрыкча атаканова. Бироо ишенип бир уйун сатып келдида ага артынан адам апкелбесен жок дейт ошо менен жокда
+4
ainura220888
2021-08-05 16:31:45
Оно жоомартованы айтсан курбуларым жаздырып койот дейт. Ага жазылганы паспортные данные керекго. Баардык курбуларында паспортные данныйларын барбы. Олло элди лохушка деп ойлойтда. Кароче булактын суусу
+3
ainura220888
2021-08-05 16:32:56
Ушул жоомартованы корсом эле нерв боло берем. Сразу Элиза менен подруга болуп журуп эле тескери карап алганын. Бети жок
+6
Aimani
2021-08-05 17:05:42
Илгиз Абдалиев дагы эле ишенип жүрөт го.чыкканда билинет деп.каржы пирамида эмне экенине башы жетпейби.Элиза тууп береби акчаны албай калгандарга.ойлонгонду билишпейт.артынан киши жазылбаса кайдагы акчаны берет.сетевой маркетинг жок дегенде товар сатат.элиза болсо абадан акча кылып атпайбы
+5
sabyr86
2021-08-05 17:12:23
Эмне учун СЕЙФ БИЗНЕС дегени сурака алынбайт.Сейф бизнесте Гулжайна далай кишини сыздатты,Ошол тапкан арам акчага лексус минип уй алды.элдер болсо меенент менен тапкан акчасын жыргап кетет экенбиз деген умут менен ушуга берип куйуп отуруп калышты.
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан