"Жетекчибизге коюлган айыпка макул эмеспиз". "Кыргызкөмүр" ишканасынын жамааты президентке кайрылышты

Кечээ, 4-август күнү "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын директору менен "Кара-Кече" филиалынын эсепчиси УКМК тарабынан кармалган.

Ага ылайык, аталган мамлекеттик ишкананын жамааты президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдошту. Анда алар "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын директору Канат Ашырбаевге коюлган айыптоолорго макул эместигин жазышкан.

Текст кыскартылып, өзөктүү жери берилет:

"Урматтуу Садыр Нургожоевич, бул жамааттык кайрылуунун себеби "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын директору Ашырбаев Канатбек Ыбышевичтин коррупцияга тиешеси бар деген айып менен кармалышы себеп болду.

Биз шахтёрлор, инженерлер, жумушчулар жана кызматчылар Ашырбаевди бир нече жылдан бери жакшы тааныйбыз жана 2014-жылдан бери бирге иштеп келе жатабыз. Ишкана үчүн эң оор күндөрдү бирге баштан өткөрдүк.

Ашырбаевге ачык дал келбестиктерге жана далилсиз күнөө коюлуп жатканына карабастан, тергөө анын күнөөсүз экенин көрсөткөн фактыларды эске алуудан баш тартып жатат. Тергөөчү иште объективдүү чындыкты аныктабастан бир гана резонанс үчүн иш жүргүзүп жаткандай ой келтирип жатат.

Эмгек жамаат жана көмүр казуу тармагынын ардагерлери кышкы жылытуу мезгилинин алдында ушундай абалдын келип чыгышына тынчсызданып жатышат. Ошондой эле эртеңки күнү бизге дагы ушундай эле айыптоолор коюлбастыгына ким кепилдик бере алат. Жогоруда айтылгандардын негизинде, көз карандысыз адистерди жана бардык зарыл болгон экспертизаларды тартуу менен коюлган айыптар боюнча адилеттүү, калыс тергөө жүргүзүлүшүн талап кылабыз.

370 миң тонна көмүрдү уурдоо боюнча айтылган бардык айыптоолор тергөөчүлөрдүн катасы экенине терең ишенебиз. Анткени мындай көлөмдөгү көмүр продукциясын оңой эле уурдап кетүү мүмкүн эмес. Ишкананын мындай көлөмдөгү көмүрдү уурдап алуу үчүн эмес, аны Бишкектеги ЖЭБге жеткирүү үчүн жетиштүү ресурстары жок. Бул көлөмдөгү көмүргө 18 миң 500 унаа керек. Эгер бул айыптоолор чын болсо, анда аны жашырууга эч мүмкүн эмес. Тиешелүү документтери жок унааларды өткөрбөй турган, алардын салмагын жана өлчөмүн көзөмөлдөө пункттары бар. Бардык маалыматты көтөрүп, бул көмүрдү эч ким уурдабаганын же чыгарып кетпегенин түшүнүүгө болот", - деп жазылат кайрылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан