SUPER.KG порталынын кезектеги коногу "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын коло байгесинин ээси Мээрим Жуманазарованын атасы жана биринчи машыктыруучусу Рахмадил Жуманазаров болду.
Рахмадил Жуманазаров буга чейин анын Олимпиада оюндарына бара тургандыгын айтышып, жакындаганда гана делегациянын курамына кирбей калгандыгын айтып өттү. Мындан тышкары, ал спортчулардын биринчи машыктыруучулары унутта калып, башкы машыктыруучулардын гана аты айтылып жаткандыгына нааразычылыгын билдирди.
"Мээрим атаандаштарынан кем эмес болчу. Мындай пикир келишпестиктер жаралбаганда ал алтын утмак" деген Рахмадил Жуманазаров Мээримдин бала чагы, анын күрөшкө келип калышы жана Олимпиада оюндарындагы күрөшү тууралуу кенен маек курду.
Маекти толугу менен видеодон көрүңүз.