Бүгүн, 5-августта саясатчы Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун маалымат кызматынан билдиришти.
Соттун чечимине ылайык, ал 5-октябрга чейин №21 тергөө абагына камалды.
"Биринчи Май райондук сотунун 2021-жылдын 5 -августундагы чечими менен Равшан Жээнбеков үй камагына алуу боюнча мурда тандалган баш коргоо чарасы 2021-жылдын 5-октябрына чейин камакка алуу менен өзгөртүлүп, №21 мекемесинде кармоо менен алмаштырылды", - деп билдиришти райондук соттон.
Ал эми жактоочу Замир Жоошев Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасы өзгөртүлгөнү Кош-Таш окуясына байланыштуу экендигин айтты.