Биз социалдык тармакта

УКМК: "Таалатбек Масадыковдун берген кеңештерине атайын кызмат муктаж эмес"

Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыковдун берген кеңештерине УКМК муктаж эмес. Мындай билдирүүнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынан таратышты.

"УКМК аткаруу бийлигинин маанилүү органы болуп саналат, зарыл болгон учурда конституциялык укугу бар компетенттүү адамдардын кеңештерин жана сунуштарын колдонот. Өз кезегинде УКМК Таалатбек Масадыков конституцияда каралган кызматтык милдеттерине негизделген ыйгарым укуктарын аткарууга чакырат", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Масадыков журналист Майраш Базлакуновага интервью берип жатып, УКМКга кеңеш берүүгө даяр экенин билдирген.

"Мен бүгүнкү күнгө чейин Ташиев мырза менен тааныш эмесмин, биз жакын арада отуруп сүйлөшөбүз деп ойлойм. Эл арасында "эки достун ортосунда бийлик талашкандай жагдайлар болуп жатат" деген ойлор жаралып жатыптыр. Мен ойлойм бул элдин ою. Жогоруда айткандай, Ташиев мырза менен тааныш эмесмин, ал эми президент менен сүйлөшкөндө мындай талашуу бар экенин сезген жокмун.

УКМКга кээ бир жерден кеңеш берүүгө даярмын. Анткени кээ бир нерселер балким башкача болуш керек эле. Мисалы, УКМКнын медиага чыкканы боюнча айтсам, бул ведомство болгондон кийин тынч, жабык болушу керек", - деп билдирген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Rifle_I
2021-08-06 17:24:47
УКМКга аябай грамотный бир акылман керек. Кечээги тажиктер менен болгон окуяга конкретно жооп бере турган.
+5
Arzybekkg
2021-08-06 17:55:50
Rifle_I, Эгер биз тараптан да ок атылса анда чон согуш башталмак. Анда коп жоготуу болот эле эки тараптан тен.. Менин оюм Ташиев туура эле иш алып барган
-4
Antiradikal5
2021-08-07 00:18:57
Ташиев эшектин тушоосун да чече албасын корсотту. Уйдо баатыр жоодо жок коркок бири экен, бакырчаак теке кебетеленген. Бакылдаган текени суу кечкенде коробуз деп ошого айткан. Ташиевдин колунан эч нерсе келбейт экен. Колхозду УКМКнын башына алып баруу, жылкынын уйурун эшек баштагандай эле кеп...

Тиги турк Инанды да Ташиев кармап берген. Анан билмексен болуп отурду бетин табактай кылып. Туштон кийин куноолуу болчу деп чыкты. Куноолуу болсо ошого чейин эшек такалап отурдубу?
+2
Zumrudianka
2021-08-07 08:05:29
Antiradikal5,Инандыны ким кармап берсе да ырас кылды, каяктагы бир террористин жанын албай кысып отур. Сен кыргызсын унутпа каяктагынын жанын талашпай.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан