Биз социалдык тармакта

Кыргыз Эл артисти Искра Райымкулова каза болду

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Искра Райымкулова 85 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу режиссёр Жаныш Кулмамбетов тарабынан маалым болду.

Артист менен коштошуу зыйнаты эртең, 9-августта Кыргыз улуттук академиялык драма театрында орун алат.

Искра Райымкулова 1937-жылы Кемин районунун Шабдан айылында туулган. Ал Бексултан Жакиевдин "Атанын тагдыры" драмасында Жеңишбектин легендага айланган образын жаратып, улуттук театрдын тарыхына кирген.

Ал 1957-жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик драма театрында жарым кылымдан ашуун эмгектенип, Алтынай ("Биринчи мугалим"), Алиман ("Саманчынын жолу"), Корделия ("Король Лир"), Кей ("Уурдалган өмүр"), Жульетта ("Ромео менен Жульетта"), Амелия ("Бернарда Альбанын үйү") сыяктуу ондогон мыкты образдарды жараткан.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Искра Райымкулованын дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
surgeon777
2021-08-08 19:05:58
Жаткан жери жайлуу болсун,бейишке чыксын.
+6
ZALKARBEK.84
2021-08-08 21:08:25
Жараткан бейиштен орун берсин.
+3
Asyl.jazi
2021-08-08 23:25:04
Менин таенем дагы каза болду. 92 жашта болчу((((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан