Бүгүн, 9-августта Кыргыз Республикасынын Эл артисти, кыргыз театр жана кино искусствосунун көрүнүктүү таланты, Кыргыз Улуттук академиялык драма театрынын актрисасы Искра Райымкулованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.
Ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, Искра Раимкулованын туугандары, замандаштары жана кесиптештери катышты.
Кыргыз эл артисти Искра Раимкулованын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.
Эске салсак, эл артисти кечээ, 8-августта узакка созулган оорудан кийин
дүйнөдөн кайтты.