Бишкектин Свердлов РИИБи "Айчүрөк" соода борборундагы окуянын чоо-жайын айтты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
"Саат 16:10 чамасында "Айчүрөк" соода борборунда кара кийинген колунда баштыгы бар аялдан шек санаган жарандар милицияга кайрылган. Жерине ыкчам кызматкерлер чыгып кетишкен. Элдин коопсуздугу үчүн ичиндеги жарандар сыртка чыгарылган. Кошумча маалымат берилет", - деп жазылат маалыматта.
Бүгүн, 9-августта "Айчүрөк" соода борборундагы адамдарды эвакуация кылышкан. Жеринде милиция кызматкерлери иш алып барууда.