Бишкекте 7 күндөн бери 39 жаштагы Жанабек Акматов аттуу жаран дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын жакындары билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал операция болор алдында ооруканадан чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.
"3-августта бир тууган байкем Республикалык ооруканада операцияга даярданып жаткан учурда саат 18:00 чамасында чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатат. Баш мээсинен шишик алдырмак. Оорусуна байланыштуу эс-тутумун жоготуп алган окшойт. Болбосо эч жакка кетмек эмес. 4 кызы бар, жубайы каза болуп калган. Кыздарын өзү жалгыз карачу. Тез арада операция кылыш керек. Табууга жардам беришиңиздерди суранам", - деп билдирди ал.