Жаңы окуу жылын офлайн форматта баштоого даярдык көрүлүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын бирине Билим берүү жана илим министрлигинин мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева билдирди.
Ага ылайык, мугалимдердин 70 пайызы коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшкөн, буга байланыштуу окуу форматы офлайн түрүндө жүргүзүлүүгө даярдыктар башталган.