
Бүгүн, 5-август күнү Билим берүү жана илим министрлигинде өлкөнүн билим жана илим тармагынын актуалдуу маселелерине арналган маалымат жыйыны өтүүдө.
Анда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова жаңы окуу жылы онлайн же офлайн түрүндө болорун 1-сентябрга эки же үч апта калганда жарыяланарын билдирди.
Айтымында, жаңы окуу жылында окуучулар мектеп формасын сатып алууга милдеттүү эмес. Коронавируска байланыштуу экономикалык кырдаалды эске алып, эркин формага уруксат берилет.