Орус тилинде жооп бергени үчүн шапалак жеген окуя: Орусиянын мамлекеттик Думасынын төрагасы реакция кылды

Орусия Федерациясынын мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин орус тилинде жооп бергени үчүн кызды чаап жиберген окуяга реакция кылды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка караганда, алар Думанын жыйынында Кыргыз өлкөсүнүн Жокорку Кеңешинин төрагасына бул окуяны жеке көзөмөлгө алуу тууралуу кайрылуу жолдоону чечишкен. Анда сатуучу кыз орус тилинде сүйлөгөнү үчүн чаап жиберген окуя боюнча тийиштүү комитетке тиешелүү тапшырма берүү керектиги айтылат.

"Кыргыз өлкөсүндө орус тили расмий статусту алып жүрөрү мыйзамда айтылат, буга карабастан ал жакта мындай учур биринчи жолу кездешкен жок. Биздин депутаттар аларга карата чара көрүү иштерин сунуштап жатышат, мисалы, орус тилдүү жарандарга мындай мамиле жасагандар Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынат", - деп жазган ал.

Окуянын чоо-жайы:

Бишкекте балдар паркында сатуучу кызды калькулятор менен башка чаап жиберген видео тараган. Октябрь райондук милициясынан билдиришкендей, окуя 2-август күнү Горький жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги соода борборунда болгон. Арыз жазган кыздын айтымында, ал күнү бейтааныш эркек киши мас болуп алып, аны менен урушуп, сөгүнгөн. Чатакташып жатканда калькулятор менен башка чаап салган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 119-беренеси "Майда бейбаштык" менен катталган.
Иликтөө иштеринин натыйжасында чыр салган киши 29 жаштагы А.А. аттуу жаран экени аныкталып, Октябрь РИИБине алып келинген. Көп өтпөй бул окуя боюнча Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Николай Удовиченко үн каткан.
Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кыргыз тилин билбеген кызды чаап жиберген А.Алимбаевге расмий эскертүү берген болчу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Sajakat14
2021-08-10 14:04:35
Бул атайын Кремльдин политикасы болуп жатат бизге каршы.Себеби жакында Жапаров Туркменистанга барып газ алганга макулдашкан.
Кыргызстан Россиядан газды, бензинди дүйнө баасынан кымбат алат.Россия Кыргызстандын Туркменистан аркылуу арзан бензин,газ алганына каршы.Өзү монополия боюнча калгысы бар.Ойлору жаман алардын бизге. Кыргызстандык орустар биздин жарандар.Ички иштерибизге мурдуларын тыкпашы керек.Россияда керек болсо кыргыздар өлүп кеткен учурлар болот такырбаштардан.
Көз жуумп о
+12
Rifle_I
2021-08-10 14:13:43
Эки кишинин ортосундагы конфликт эки чооң мамлекеттин саясатына айландырып алгандын кереги жок. Мындай окуялар Россияда толтура, жана күндө болот.
Бул эркек баланын жасаган кадамы туура эмес, кыз кишиге кол көтөргөнүн эч ким колдобойт.
+10
adanov
2021-08-10 14:42:02
Орус тилин расмий тилден алып салгыла
+12
Antiradikal3
2021-08-10 14:58:13
Орус тилинен расмий тил макамын алып салуу керек. Бул орустар кооп башташты, кутуруп. Урганы да, токмок жегени да Кыргызстандын жараны, Россиянын эмес. Так что Россиянын тупой чиновниктери жуп кысып отурушсун мурдун тыкпай. Жакпайбы, бут орустарын кочуруп кетсин. Биздин мамлекетке кийлигишууго алардын акысы жок.

Бизде бийликте лохтор отурат. Эгер ушул окуя Казахстан же Озбекистанда болсо алардын лидерлери орустарды ордуна коюп коймок...
+3
Kyrgyz_bloger
2021-08-10 15:13:04
Орус тилин расмий макамын алып салгыла дегендер эртен Россия мигранттарды черныйга тыгып баштаса силер иш таап бересинерби,же эмне озубузду озубуз бага турган денгээлге жетип калдыкпы,же силер чиновниктердин балдарысынарбы башкалардын шоруна чычпай тынч эле жургулочу.
0
Antiradikal5
2021-08-10 18:33:58
Kyrgyz_bloger, Жириновский отур десе отуруп, жат десе жатып журо бергиле. Шор пенделер. Россия мага десе жаап алсын чек арасын, Россия болбосо башка олколор бар.......
+2
Jaraisyn
2021-08-10 15:26:52
Кремлдин политикасы эмес эле, социалдык сетке чыккан нерсени орус эмес бүткүл дүйнө карап отурат. Арыз жолдогон да жабырлануучу. Биз деле москвада ушундай болуп атат деп элчиликке, жада калса түптүз соц.сет аркылуу бийликке арызданып атпайбызбы. Негизи шыпалак тарткан адам көөп калган. Кыргызстанда дээрлик элдин ( айылдарды кошпогондо) 60% орусча сүйлөйт. "Кыргыз мас болсо орусча сүйлөйт" болуп. Анан келип бир оруска кол көтөрүп. Орусия газды кыргыздан бөлөккө да сатып алат.
-2
Antiradikal5
2021-08-10 18:29:38
Jaraisyn, ошол киргиздердин катарын сен толуктасан керек. Орусча билгендин бапры киргиз эмес, оз эне тилин жээрип, кыргызга кыргызча эмес, орусча кайрылган сендей кемакылдар гана киргиз. Андайлар 60% эмес, 20-30% тузот. Калганы оз эне тилин барктагандар. Сендей киргиздерге жапайы корунгон нерсе биз учун туура! Кыргызстанда кыргыз тилинде кызмат корсотулушун талап кылууга укуктуубуз! Же сен Россияда орустарга кыргыз тилинде кайрыла аласынбы?
0
Jaraisyn
2021-08-10 18:56:17
Antiradikal5, Жакшы сүйлө катарын толуктасаң деп мага декетпе. Сен менин оюмду түшүнбөдүң окшойт. Жакшы сүйлө оозуң кыйшайып калат. Кыргыздар кайсыл жерде болбосун аша чаап кетет. Ар тараптан биз кошуна өнөктөш өлкөлөрдөн соода сатык, экономика, миграция жактан көз карандыбыз. Сени менен менин чала оюм ал нерселерди чече албайт. Шаарга чык кайсы кыргыз кыргызча сүйлөйт, оболу өз тилиңди кадырла, 100% сүйлөштү үйрөн анан бирөөгө өз тилиңди таңуула.
-2
Antiradikal5
2021-08-10 19:20:00
Jaraisyn, биринчиден туура жана чын суйлогонду уйрон. Шаарда баары орусча суйлойт имиш. Кайсы шаар? Бишкекпи? Бишкекте 1 млн эл бар. Анын 60-70% гана кыргыз. Ошол кыргыздын баары эмес, болсо болсо 40-50% оз эне тилин жээриген киргиздер. Манкурттар. Алар орусча суйлосо эле бут Кыргызстан орусча суйлоп калбайт. Ал бир ууч киргиздер погода да кыла албайт.

Россияга биз ошончо эле коз каранды эмеспиз. Россия жок да кун отот, отуп да келген. Тарыхынды билбейсин, манкурт!
+1
Antiradikal5
2021-08-10 18:31:36
Jaraisyn, элчилик дейсин, элчиликтин колунан б#к да келбейт. Канчалаган кыргыздар орустардын, Россиялык кавказдыктардын колунан олуп кетти же сабалып журушот, кана элчилик ошолорго реакция кылганы? Кана биздин бийлик, биздин чимкириктер, президент ж.б. Оруссияга нота жонотушуп кайрылганы?
+1
men
2021-08-10 15:27:48
Ырыскыны орустар эмес, Аллах берет. Мигранттардын ырыскысын Орусияга чачкан экен, ошол жактан терип жеп жатат. Черныйга тыгып салса, буйруган жактан курсак тойгузушат. алардан качанга чейин коркосунар.
+3
Kyrgyz_bloger
2021-08-10 17:36:53
men,жанылышасын биздин ырыскыны Россияга чачкан эмес,чондор 30 жылдан бери уурдап жатат,чондорун ууру элин сатылма болсо кудайды аралаштырып эмне кыласын.
-1
men
2021-08-10 17:54:50
Kyrgyz_bloger,Кудайдын буйругу жок жерден бир чачан да которулбойт. Бардык нерсе Кудайдын буйругу менен болот. Чондорубуз ууру болсо, демек бешенеге ошол нерсе жазылган. Бул менин оюм, аны эч кимге тануулабайм
+2
Alixan-Nookat.2015
2021-08-10 16:14:10
Отуруп алып кыйын болуп жаза беребиз, ушундай тупой балдардын айынан Орусияда иштеген мекендештер эле кыйналат бул баланын шиши толуп калыптыр.
-1
Jaraisyn
2021-08-10 18:57:37
Alixan-Nookat.2015,эң туура айтасың. Ал чаап жиберген адам мас, тентиреп барып айланасындагыларга көрүнүш үчүн өзүнөн кетип эрденип чаап жиберген. Кыргыз тилин үйрөтүп коем дегенсип.
-2
basyz-kaman
2021-08-10 16:22:21
Орусчаны билбегендер көп Кыргызстанда. Бир нерсе сатып алайын деп барса орусча сүйлөп турса түшүндүрө албай Кыргызстанда туруп кыргызча сүйлөй албаганына намыстанып кетсе керек да. Албетте калькулятор менен башка чапканы туура эмес болгон. Акырын эле администраторун же кыргызча сүйлөгөн бирөө жарымды чакыр десе болмок. Тиги орус кыз дагы жөн сүйлөгөн эмес да ошого жеткирген бир нерсе деп орусчалап.
+2
Tatu_8889
2021-08-10 18:17:31
Эскертуу берип тим болбостон камап салбайбы нары ,жок дегенде 2айга.баарынын уну очмок.кумурскадан пил жасап мына эми не деген маселелер жаралып жатат
-4
Antiradikal5
2021-08-10 18:32:55
Tatu_8889, сага окшогон киргиздерди камаш керек, аны эмес!!!
+3
Nursul
2021-08-11 21:38:28
Орус тилин расмий тилден алып салгыла деш керек бийликке кош тил кылбай. Керек болсо расмий болбосо деле үйрөнүп аласың англис башка тилдерди үйрөнүп эле атабызго антпесе Орусия аябай эле кыйын сынып алды го. Башка өлкөнү кой Өзбекстан Казакстанда деле орусча сүйлөшөт бирок мамлекеттик мекемелерде өз тилинде гана сүйлөшөт бизде болсо башаламан каалаган тилинде сүйлөшөт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан