Бишкектеги "Айчүрөк" соода борборунда жардыруучу зат коюлганы боюнча маалымат берген аял кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Атайын кызматтан билдиришкендей, укук коргоо органдары аталган соода борборго жардыруучу каражат коюлгандыгын жана барымтага алынгандар бар экенин кабарлаган адамды аныктоо боюнча иш алып барган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 246-беренеси "терроризм актысы боюнча жалган маалымат берүү" боюнча каттоого алынган.
"Иштин алкагында Сокулук районунда туулган 1994-жылкы Г.З.А. аттуу аял кармалды. Ал ГУМдан "Нур Телеком" компаниясынан сим-карта сатып алып "Айчүрөк" соода борборуна бомба коюлганы жана адамдар барымтага алынганы боюнча жалган маалымат берген. Алдын ала маалыматтар боюнча, аялдын мындай ишке баруусуна аталган соода борбордо иштеген күйөөсү менен урушуп кеткени себеп болгон", - дешти УКМКдан.
Учурда аялдын мүмкүн болгон шериктерин аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.
Белгилей кетсек, буга чейин УКМК мындай жалган маалыматтар үчүн кылмыш иши каралганын эскерткен.
Кечээ, 9-августта борбор калаада жайгашкан аталган соода борбордо эл эвакуацияланып, айланасы курчоого алынган. Көп өтпөй аталган соода борбордун кызматкери, бомба жана барымтада адамдар бар деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирген.