Үстүбүздөгү жылдын 23-июль күнү айтылуу кыргыз эпосу тууралуу “Манастын уулу Семетей” тарыхый тасмасын тартуу иштери башталганын тасманын продюсери Өмүрзак Төлөбеков жарыялаган. Интернет чордонунда фильм тартылып башталганы тууралуу алгачкы сүрөттөр чыгар замат манасчы, тарыхчы, этнограф, режиссёрлор “Манасты минтип тартканга болбойт, Манас чала-була тартып бүтүрүп койчу жеңил-желпи каарман эмес” деген пикирлерин айтышты. Буга чейин “Манасты” экрандаштырууга көп жолу аракеттер көрүлгөн. Режиссёрлор экрандаштырабыз дешип, бирок ишке ашкан эмес. Биз бул талкуунун өзөгүнө сереп салып көрдүк.
Макаланы толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы, №975 санынан окуй аласыз.