"Тамашоучу", актёр жана алып баруучу Азамат Исмаилов жубайы менен Түркияга барып дарыланып кайтты. Бул тууралуу аны менен байланышканыбызда белгилүү болду.
Айтымында, алар ден соолукту чыңдоо максатында Түркиянын медицинасын тандашкан.
"Түркиянын медицинасы дүйнөдөгү алдыңкы үчтүккө кирет экен. Мындан улам келинчегим экөөбүз ден соолугубузга кам көрүү максатында Стамбулдагы клиникалардын бирине бардык. Ал жакта таанышыбыз бар. Клиникалардын биринде медициналык текшерүүлөрдөн өтүп, дарыланып кайттык. Баары жакшы", - дейт ал.