Бүгүн, 12-августта президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жабык эшик артында жыйын өтүүдө. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан билдиришти.
"Жыйында кыргыз-тажик ортосундагы чек ара маселелери, чек аралаш аймактарда кыргыз-тажик ортосунда чыр-чатактарды алдын алуу жана болтурбоо, буга чейинки чек ара аймактарындагы орун алган окуялар боюнча талкуу жүрүүдө.
Ошондой эле кечээ, 11-август күнү Лейлек районунун Интернационал айылындагы атылган ок, Катта-Туз участкасындагы Тажикстандын чек арачылары тарабынан казылган окоп боюнча талкуу жүрүүдө", - деп билдиришти өкүлчүлүктөн.